Post has attachment
кызыктар дүйнөсү

"Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дегендей, ар бирибиз кызыктуу маалыматтарды алууга умтулуп келебиз. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, жан жыргаткан жакшы маалыматтар адам баласынын дүйнө таанымынын өсүшүнө жардам берет. Бул кызыктуу маалыматтар да сиздерди кайдыгер калтырбаса керек.

Жердеги жети укмуш
1. Алясканын желегин 13 жаштагы өспүрүм түзгөн.
2.Ватикан - 1983-жылы тарыхта жалгыз бир да төрөлүүлөр катталбаган өлкө.
3. Канада БУУ тарабынан 4 жыл удаа жашоого ыңгайлуу өлкө болуп аныкталган.
4.Италияда куурчактардын саны, Канададагы элдердин санынан көп.
5.Францияда кебетеси адамдарга окшобогон куурчактарды сатууга мыйзам жол бербейт. Мисалы, башка планеталыктар.
6. Сиенада жана Италияда аты Мария болсо, түнкү көпөлөк болууга болбойт.
7. Монаконун улуттук оркестри, анын армиясынан көп.

Капчыгы калың Уоррен
Дүйнөдөгү эң бай адам болуп, миллиардер жана инвестор Уоррен Баффет эсептелет. Билл Гейтс ага акыркы 13 жылдыкта биринчи болуп бул титулду ыйгарды. Уоррендин байлыгы 62 миллиард АКШ долларын түзөт. Ал эми экинчи миллиардер болуп, Мексиканын медиамагнаты Карлос Слим табылды. Анын байлыгы 60 миллиард долларды түзүп турат. Бардыгы болуп дүйнө жүзү боюнча 1125 миллиардер бар. Бирок былтыркы жылга караганда быйыл 189 миллиардерге көп. Баарынын байлыгы биригип, 4,4 триллион АКШ долларын түзөт.

Акылы ашкан адам
Дүйнө жүзү боюнча эң акылдуу адам болуп, Россиянын Санкт-Петербург шаарынын тургуну Григорий Перельман эсептелет. Бул титулга математикалык жети эсепти чыгарып, "Дүйнө жүзүнүн формуласын" сүрөттөө менен ээ болгон.

Чоңдор жана кичинелер
Азыркы учурдагы кичинекей күчүк болуп, Чоң Босс псевдониминдеги күчүк саналат. Ал Таиланддык Чай Ханча аттуу адамга тиешелүү. Чоң Босстун боюнун бийиктиги бир жашында 11,95 сантиметр, узуну 12,95 сантиметрди түзгөн. Буга чейин Артур Марплсге тиешелүү кичинекей күчүк рекорд коюп келген. Анын боюнун бийиктиги 6,3 сантиметрди, узуну 9,5 сантиметрди түзгөн. 1945-жылы өзүнүн экинчи туулган күнүн өткөрүп жатканда өлгөн.
Ал эми эң чоң ит болуп боюнун бийиктиги 1,54 сантиметрди түзгөн Харвей ити эсептелет. Чарльз Додмандын ити күнүнө 3,6 киллограмм иттердин консервадагы тамактарын жейт. Мындай иттердин орточо бою 75 сантиметрди түзөт.

Чач канча жыл жашайт
Ар бир адамдын башында 90 миңден 150 миңге чейин чач өсөт. Болжол менен күнүнө - 0,33 миллиметр, жылына - 12 сантиметр жана жашоонун аягына чейин 7,6 метр чач өсүп турат. 15-30 жаш куракта чачтын өсүү ылдамдыгы тез болот. Ал эми элүү жаштан өтүп калганда кичине жайыраак өсүп калат. Чач кыш мезгилине караганда жайында батыраак өсөт.
1. Чачты өзүнүн узундугунан жарым узундукка чейин тарта турган болсо, үзүлбөстөн кайра калыбына келет.
2. Кубаттуулук жагынан чач алюминий элементи менен бирдей күчкө ээ.
3. Чач өзүнө сууну сиңирип алуу кубатына ээ. Башкача айтканда, өзүнө нымды сиңирип алат.
4. Чач ачуу кислоталардын күчүнө чыдай алат, бирок щелочтуу (жегич) кислоталарга туруштук бере албайт.
5. Чачтын өсүү жашоосу ар кандай: эркектерде 2 жыл, ал эми аялдарда 4-5 жыл жашайт.
6. Сарылардын чачтары абдан ичке болот. Бирок алар абдан аз.
7. Алгач чач түйүлдүк кезинде эле эненин ичинен 4-5 айда өсө баштайт.
8. Кара адамдардын (негрлердин) чачтарынын талдары калың болот. Сары адамдардын 3 тал чачы алардын бир тал чачына барабар.
9. Блондиндердин чачтарынын талдары көп болот. Орточо 150 миң талды түзөт

тил - адамдын эң күчтүү булчуңу
Жердеги жандыктардын ичинен эң акылдуусу да, куусу да бул - адам.
o Күнүнө бир баш тамеки чеккен адам жылына жарым кружка смола ичкенге барабар.
o Адамдын ДНКсы 80 миң генди өзүнө камтыйт.
o Адамдын жашоосунда манжалар 25 миллион жолу жумулуп, кайра ачылып турат.
o Организмде жашаган бактериялар чогулуп, 2 киллограмм салмакты түзөт.
o 1 секунданын ичинде адамдын мээсинде 100 миң химиялык реакция жүрүп турат.
o Көзүн жумбай туруп чүчкүрө албайт.
o Төрөлгөндөн тартып адамдын мээсинде 14 миллиард клетка пайда болот. Клеткалардын саны өмүр бүткөнгө чейин көбөйбөйт. Тескерисинче, 25 жаштан кийин алардын саны күнүнө 100 миңден кыскарып турат. Бир мүнөт китеп окуганда мээдеги 70 клетка өлүп турат. Кырк жашка келгенде клеткалар көп өлүп деградация бачым жүрүп калат. Ал эми элүү жашка чыкканда мээнин нервдик клеткалары кургап, көлөмү жагынан кичирейип кетет.
o Адам жашап жаткан мезгилде ичке ичегинин узундугу 2 метр 50 сантиметрди түзүп турса, өлгөндөн кийин анын узундугу 6 метрге чейин жетет экен.
o Күнүнө чоң адам 23 миң жолу дем алып жана абаны сыртка чыгарып турат.
o Адамдын организминдеги бирден-бир күчтүү булчуң болуп - тил эсептелет.
o Колдун тырмактары буттун тырмактарына караганда 4 эсе бат өсөт.
o Адамдын оозунда болжол менен, 40 миңге жакын бактерия болот.
o Башка катуу жеген соккудан улам 75 чакырым нервден айрылат.
Photo

Post has attachment
Кыргыз ишкерлери АКШны көздөп турат
Март айында Вашингтондо өтө турган кыргыз-америка бизнес форумунда эки өлкөнүн ортосундагы бизнес ишкердүүлүктү өнүктүрүү жолдору талкууланат.

Бул иш-чараны утурлай Жаш ишкерлер ассоциациясы менен АКШ элчилиги жолугуп, кыргыз ишкерлери үчүн АКШда иштөө шарттары, виза алуу, тажрыйба алмашуу өңдүү маселелерде пикир алышты.

Жыл сайын ЖИА бизнес биримдиги жергиликтүү ишкерлерди топтоп алып, алты-жети мамлекетке алып барат. Алардын негизги максаты - ишкерлерди чет элдик ири компаниялардын тажрыйбасы менен тааныштырып, аны кайра Кыргызстанда ишке ашыруу.

Бул иш-чара алкагында ушул тапта сегиз ишкер АКШда шериктеш таап, өз бизнесин түптөө менен алек. Алардын катарында Техас штатындагы Хьюстон шаарында курулуш компаниясын алты айдан бери иштетип жаткан Альберт Абазбеков бар.

АКШ жамааттык коммерциялык мамилени өнүктүрүүнү колдойт. Ички дүң өнүмү 17 триллион доллар, 320 миллион кишилик рыногу бар АКШ ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүк берет.
Шейла Гуолтни

Буга чейин Кыргызстанда, Орусияда иштеп жүргөн Абазбековдун айтымында, АКШда алар үйлөрдү сатып алып, оңдоп-түзөгөн соң кайра сатып, кампаларды куруп иштейт.

- АКШда фирмаң бир күндө эле күндө катталат экен. Салыкты убагында төлөсөң, бир жылда бир эле келип текшерип коюшат. Кайра-кайра басып жүдөтүшпөйт. Болгону жумушчу визаны алуу кыйыныраак, үч айдан алты айга чейин созулат. Алты айдан бери иш жакшы эле болуп жатат, кудайга шүгүр.

Абазбековдун айтымында, Хьюстон шаарында кыргыз ишкерлери негизинен курулушта иштейт, интернет дүкөн, кафе ачып, пицца бышыргандар да бар. ЖИА бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек кыргыз ишкерлеринин чет мамлекетке чыгып, рынокто атаандаштыкка туруштук берип, тажрыйба топтогонун баалайт. Ал "чет жерде өнөктөш таап, ирденген ишкерлерди кайра Кыргызстанга тартуу зарыл" деген пикирде:

- Аларды сөзсүз Кыргызстанга алып келүү керек, акчасын бул жакка жумшасын. Биз келечекте көрө билели да. Белгилүү бир убакыттан кийин сыртка чыккан бизнес өкүлдөрү дүйнө боюнча иш алып барган адамдарга да айланышы мүмкүн. Мамлекет мындан утушка гана ээ болот.

Биримдиктин төрагасы Умбриел Темиралиевдин пикиринде, бизнес шериктештикти өнүктүрүү үчүн буга чейин АКШга Кыргызстандын 6 миллиондук рыногу көп деле кызыгуу жаратпай келген. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке киргенин ишкерлер жаңы мүмкүнчүлүк катары карап, анын пайдасын колдон чыгарбоо керек деген ойдо:

- Казакстан менен Орусияга караганда бизде бизнес баштоо арзанга түшөт. Чоң мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Биз эми өзүбүз туурасында тынбай айтып турушубуз керек. Биринчи кадам катары АКШга кичине капитал-инвестиция кылдык. Алар бизди олуттуу кабыл алып, азыр эки-үч ишкери биздикилер менен биргеликте ишкана ачууну ойлонуп жатышат.

Эки өлкө ортосундагы бизнес көпүрөлөрдү куруу, өнөктөштөрдү табуунун жол-жоболорун тараптар 11-мартта Вашингтон шаарында боло турган кыргыз-америка форумунда талкуулаганы жатышат. Бул иш-чарага Кыргызстандан 40тай ишкер барууга камынып жаткан кези.

Форумду утурлай 26-февралда жергиликтүү бизнес чөйрө АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен жолугуп, бул өлкөдө иштөө шарттары, виза алуу маселелерин талкуулашты. Элчи айым Шейла Гуолтни чакан, орто бизнес мамлекеттин өнүгүшүндөгү зор кыймылдаткыч күч экенин белгилеп, АКШ кыргыз ишкерлеринин демилгесин колдой турганын билдирди:

- АКШ жамааттык коммерциялык мамилени өнүктүрүүнү колдойт. Кыргызстандын көп ишкерлери АКШда соода көргөзмөлөрүндө катышууда. Ал жерден өнөктөш таап, өз ара байланыш түзгөнгө шарт түзүлүп жатат. Албетте, ички дүң өнүмү 17 триллион доллар, 320 миллион кишилик рыногу бар АКШ ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүк берет. Эгер сиздерди АКШ кызыктырса, биздин Вашингтондо боло турган форумга көңүл буруңуздар.

Кыргыз ишкерлери үчүн АКШда узак мөөнөткө калып иштеп, бизнесин түптөө үчүн виза алуу маселеси көп суроо жаратууда. Мындан улам ишкер чөйрө бул багытта АКШ элчилигинен колдоо күтөрүн белгиледи.

Кыргыз-америка форуму 11-мартта Вашингтон шаарында башталып, Нью-Йоркто уланат. ЖИА бизнес биримдиги тарабынан буга чейин ушул өңдүү бир нече форумдар уюштурулган. Ага 120 ишкер катышкан. Мындан тышкары Кыргызстанга жооп иш сапары менен АКШдан 11 сенатор келген. Аларды ээрчип келген 11 бизнесмен айыл чарба жааты менен таанышып кеткен эле. 
PhotoPhotoPhoto
28.02.16
3 Photos - View album

Wait while more posts are being loaded